Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7/2
“Кара-Жыгач айылдык кенешинин 2018-жылынын 13-июлунда кабыл алынган №4/2 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш,архитектура, айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы райондук прокуратурасынын 26.11.2018-ж.№11/1-1538-18сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кара-Жыгач айылдык кенешинин 2018-ж 13-июлундагы кезексиз Х чакырылышынын 4-сессиясында кабыл алынган №4/2 сандуу токтому мыйзамсыз жана негизсиз болгондуктан жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун 1(бир) көчүрмөсү Аксы райондук прокуратурасына берилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы- Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш,архитектура, айыл чарба ,экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |