Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7/5
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айылдык кенешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 15-октябрь 2018-жылдагы отурумунда 2017-жылдын калган калдыкты төмөндөгүдөй болуп 70111 бөлүмүнөн бөлүштүрүлсүн.
1.Кара-Булак тоосунагы санариптик теле чагылдыргычка учурдун талабына ылайык колдонууда турган жылууланган контейнер сатып алууга 57.7 мин сом
2. Сапар чыгымына 31.2 мин сом
3. Алтын кылым тарыхын жаздыруу чыгымына 10.0 мин сом
4. А.Шерипбаев атындагы көчөну жарыктандыруу үчүн
электр мамычасына материал алууга 100.0 мин сом
Баарысы : 198.9 мин сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |