Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7/6
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчы- Т. Таласбаевдин 9 айлык отчету жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Таласбаевдин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча берген 9 айлык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жогорудагы аныкталган бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысы-Т.Таласбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |