Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 7/7
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн муктаждыктарын чечүү максатында билим берүү бөлүмүнүн электр энергиясынан үнөмдөлгөн 412,7(төрт жүз он эки) мин сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн (№1 тиркеме 1баракта)
2.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн муктаждыктарын чечүү максатында сатуудан тушкөн ашыкча кирешеден 85.0(сексен беш мин)сом акча каражаты №2 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн (№2 тиркеме 1баракта)
3.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |