Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 8/1
“Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө бөлүнгөн максаттуу трансфертти бөлүү жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 1000000-00( бир миллион) сомдук максаттуу трансферти акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
1.Кара-Жыгач айылындагы бала бакчасына эмерек алуу үчүн 300.0 мин сом
31123210 беренесине
2. Сыны айылындагы бала бакчасына эмерек алуу үчүн 300.0мин сом
31123210 беренесине.
3.Кара-Жыгач айылынын А.Шерипбаев атындагы көчөнү
жарыктандырууга 300.0мин сом
31113290 беренесине
4.Чарба айылындагы спорт аянтчасына курулуш
материал алууга 100.0мин сом
Бардыгы : 1000,0млн.сом
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |