Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 8/3
“Кара-Жыгач айыл аймагынын Чарба айылына муниципалдык спорт аянтчасын куруу жөнүндө”
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл аймагынын Чарба айылына муниципалдык спорт аянтчасын куруу үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерден жер бөлүп берүү жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Токтомдун аткарылышы жер адис- Сакабаевге милдеттендирилсин .
3.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |