АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2018-жылдын 23-ноябры № 131
“Арал айыл аймагынын Арал айылынын тургундарын алты баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн энелерди “Эне Даңкы” медалын алууга сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 Жарлыгына жана «Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 Мыйзамына таянып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын Арал айылынын тургундары , алты баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн энелер:
-Акматова Жазгүл Жуматаевна ,
-Кыштообаева Анипа Буракбаевна;
-Орозбекова Толкун Джаныбековна
Эне Даңкы” медалы менен сыйланууга сунушталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Н.Т.Асанов |