Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 3
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезексиз X-сессиясы айыл өкмөтүнүн тургуну Атамкулов Догдурбектин арызын карап ФЭБ башчысы А. Мамбетованын сунушун, карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл өкмөтүнүн 2012 жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешеден түшкөн 9000 сом акча каражаты 2013-жылдын 28-июнундагы ХХХ-чакырьшышындагы кезексиз IX-сессиясынын № 10 токтомунун негизинде Мыктыбеков Арзыматка берилбей калган себебинен, Боо-Терек айылынын Туйтун көчөсүнүн уландысында жайгашкан жаңы курулган турак жайлар үчүн электр чубалгысын тартууга жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мамбетовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кубанычбеков |