Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-августу № 4
Боо-Терек айылынын аймактык кеӊешинин XXX- чакырылышынын кезексиз X - сессиясы, Боо-Терек айылынын аймагында жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу: анда жайыт комитетинин 2009 - жылы уюшулганына карабастан, менчик жер күбөлүгү алгандан тартып келишим түзүлсүн 2012 - жылдын 12 -февралынан баштап, жана ижара акы 5000 сомдон кем болбосун жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билайн" байланыш түйүнүнүн жетекчилиги менен келишим түзүлсүн.
2. Ижара акы 5000 - сомдон кем болбосун, себеби Талас областы боюнча Боо-Терек айлынын калкынын саны көп.
3. Токтомду аткаруу жагы Боо-Терек айылынын аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси У.А.Барпыбековго жүктөлсүн
Төрага | А. Кубанычбеков |