БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 1
Жергиликтуу өз-алдынча башкаруу жөнүндө КР мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Боо-Терек айылдык аймактык кенешинин депутаты Суюмбаев Медет Рысбекович жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин ХХХ-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы айылдык кеңештин депутаты Суюмбаев Медет Рысбековичтин депутаттык мандатын карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин депутаты Суюмбаев Медет Рысбековичтин депутаттык мандатын колдонуу ЖӨБж КР Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык токтотулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Бакай-Ата райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Кубанычбеков |