Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-декабры № 2
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги XII сессиясы айыл өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба жана муниципалдык менчиктеги жерлер боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Дж.Аблаевдин, айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча адистин милдетин аткаруучу И.Кермалиевдин отчетторун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба жана муниципалдык менчиктеги жерлер боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Дж.Аблаевдин, айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча адистин милдетин аткаруучу И.Кермалиевдин отчеттору эске алынсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн айыл чарба , кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча адистин милдетин аткаруучу И.Кермалиев кийинки сессияга КБФнын жерлери , ижара келишимдер, аукцион боюнча так, толук маалыматты камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кецештин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасынын орун басары | Э. Бейшебаев |