Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 7
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы Боо-Терек айылынын жаш өспүрүм спортсмендеринин кайрылуусун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылынын жаш өспүрүм спортсмендерине спорттук мелдештерге, беттешүүлөргө катышуу үчүн жол чыгымдарына жардам катары "Камбар-30", "Айтыш" массивинен бир жылга 2 га сугат айдоо жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.А. Бейшебаев |