Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 3
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырьшышынын кезектеги XV -сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин социалдык маселелер боюнча, салык бюджет жана финансы, жер жана агрардык маселелр боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдерин жана сунуштарын сессияда карап ар тараптуу талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I
1. Салык бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде:
а) Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетти максаттуу пайдалануу жана аткаруу жөнүндөгү Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамбетованын маалыматы эске алынсын.
б) Боо-Терек айыл өкмөтүнүн финансы жана экономикалык өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпогондугу жана аткаруу жаатында одоно кемчиликтерди кетиргендиги үчүн Боо-Терек айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
2. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде:
а) Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык маселелерди аткаруу боюнча Боо-Терек айыл өкмөтүнүн соц. адиси Р. Омуралиеванын маалыматы эске алынсын.
б) Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык маселелер боюнча 2013-жыл ичинде болжолдонгон иш аракеттери толук аткарууга камсыз кылбай жана көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Боо-Терек айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
3. Жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде:
а) Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жер жана агрардык маселелери боюнча жүргүзгөн иш аракеттери канаатандырарлык эмес деп табылсын.
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер үлүштөрү ( транш) жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ижара берүү токтомун, Боо-Терек айылдык кеңешинин токтомдорун аткарбагандыгы үчүн жана айылдын тургундарынын арыз даттанууларын жоопсуз калтыргандыгы үчүн Боо-Терек айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
II
1. Боо-Терек айылдык кеңешинин салык бюджет жана финансы, социалдык маселелер, жер жана агрардык маселелр боюнча депутаттык туруктуу комиссияларынын чечимдерин маалыматтарьш угуп жана талкуулап
а) туруктуу комиссиялардын чечимдери жана маалыматтары эске алынсын.
б) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыйзамынын 31 - беренесинин 4 пунктунун 2 подпунктчасынын негизинде Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
в) Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыйзамынын 49- берененин 7 пунктунун 9 пунктчасынын жана ошол эле берененин 8,9 пунктуна жараша Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын Т.Соорбековдун ээлеген кызматынан бошотуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими У.А.Тынысовго сунушталсын.
III
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын Т.Соорбеков айьшдык кеңештин кезектеги XV-сессиясына келүүдөн баш тартып 2014 - жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын жана 2014 жылдын бюджетин айылдык кеңештин сессиясына сунуштап жана жактабагандыктан,
а) 2014- жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планы жана 2014 жылдын бюджетин карап талкуулап бекитүү жагы айылдык кецештин кийинки сессиясына калтырылсын.
Төрага | Э.А. Бейшебаев |