Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 3
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIX –сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүндө катталган тоголок жетим балдардын РСК банкында ачылган өздүк эсептерине алгачкы салым катары акча каражатын которуп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Кубанычбековдун кайрылуусун угуп,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүндө катталган тоголок жетим балдардын РСК банкында ачылган өздүк эсептерине алгачкы салым катары ар бир тоголок жетим баланын эсебине 3000 (үч) миң сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы ФЭБ башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |