Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 2
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги XIX сессиясы "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын балансына Боо-Терек айыл өкмөтүнүн имаратынын бир бөлмөсүн кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө Бакай-Ата райондук почта бөлүмүнүн башчысы Э.Качиевдин кайрылуусун карап, талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын балансына Боо-Терек айылы, Ч.Сатаев көчөсү, үй №143 дареги боюнча, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн балансындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын батыш тарабындагы бир бөлмөсү (5,65 х 7,94 квадрат метр) кайтарымсыз баланстан баланска өткөрүлүп берилсин.
2. Баланстан баланска өткөрүп берүүнү уюштуруу (дефекттик акт, өткөрүү-кабыл алуу актысы, ж.б) жана өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |