Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 1
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы Боо-Терек айылындагы орус мүрзөнүн жанындагы аты жок көчөгө ат коюуу жөнүндө ошол көчөнүн жашоочуларынын атынан катталган арызды карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы орус мүрзөнүн жанындагы аты жок көчө"Атакул" көчөсү деп аталсын.
2. Ошол көчөдө жайгашкан турак жайларга "Атакул" деген жазуусу бар табличкаларды илүү жагы демилгелүү топко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |