Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 4
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин макулдашуусун жана келишимин карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен Боо-Терек айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө өткөрүлүп жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча келишим түзүү жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл окмот башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |