Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 1
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXII - сессиясы Боо-Терек айыл аймагындагы көчөлөргө шагал төшөө боюнча айыл өкмөт башчысы А.Кубанычбековдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинде каралган 300 000 ( үч жүз) миң сом акча каражатына Боо-Терек айылындагы "Жетимиш" жана "Бетен" көчөлөрүнө кум шагал төшөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүм башчысы Р.Дуйшенкулова жана адистин милдетин аткаруучу У.Рыспаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |