Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 2
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXII - сессиясы Боо-Терек айыл аймагына караштуу 1996 ж. № 119 токтомду негиздеп № 390 контур боюнча талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын турак - жай фондусуна № 390 контурдагы 31,9 га жер аянтын алуу боюнча ошол контурда жайгашкан дыйкан чарбаларды "Стан - 90" массивине көчүрүү тууралуу тиешелүү органдар менен бирдикте иш - чараларды жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |