Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 4
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXII - сессиясы Боо-Терек айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюуу жөнүндө ошол көчөлөрдүн жашоочуларынын атынан катталган арыздарды карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Боо-Терек айылынын жаңы тушкөн көчөлөрү:
Алма-Бак массивиндеги жаны конуштагы көчөгө "Калматов Назатай" атындагы көчөсү жана К. Жумакеев көчөсүнүн түштүк тарабындагы аты жок көчөгө "Жообазаров Асылбек" атындагы көчөсү деп аталсын.
2. Ошол көчөлөрдө жашаган атуулдардын турак жайларына жогоруда аталган инсандардын аттары жазылган табличкапарды илүү жана оңдоо-түзөө (ремонт) иштерин жүргүзүү жагы демилгелүү топторго тапшырылсын.
З. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн,
Төрайымы | А. Алымкулова |