Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 5
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXII - сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековдун Боо-Терек айылынын № 9 ҮБДТ нун тез жардамынын фельдшери Асанов Сурапка көп жылдык эмгегиги үчүн Боо-Терек айылынын "Ардактуу атуулу" деген наам берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылынын № 9 ҮБДТ нун тез жардамынын фельдшери Асанов Сурапка саламаттыкты сактоо тармагында 41-жыл үзгүлтүксүз үзүрлүү эмгеги үчүн Боо-Терек айылынын "Ардактуу атуулу" деген наам берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүм башчысы Р. Дуйшенкуловага айыл өкмөтүнүн "Ар кандай чыгымдар" статьясынан токтомду аткаруу үчүн акчалай каражат менен камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл окмот башчысы А.Кубанычбековко жүктөлсүн.
Төрайымы | А. Алымкулова |