Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 3
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын кезектеги XII –сессиясы Боо-Терек айыл аймагында жайыт жерге караштуу № 778 контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянтындагы карьерди жабуу жөнүндө ЖКХ боюнча жетектөөчү адис Дж.Аблаевдин сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагында жайыт жерге караштуу № 778 контурунда жайгашкан 0,70 га жер аянтындагы кум топурак карьери жабылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси ДжАблаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Бейшебаев |