Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 9
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын кезектеги XII –сессиясы Боо-Терек айыл аймагында таштандыларды чыгаруунун эрежеси жана кум ,шагыл топурак ташуу жөнүндө депутаттардын сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагында таштандыларды таштоочу жайдан тышкары жерге таштаган жарандарга 5000 (беш миң) сом айып пул салынсын.
2. Боо-Терек айылынан тышкары кум, шагыл, топурак ташыган чоң жүк ташуучу унааларга: Камаздарга бир рейсине – 300( үч жүз) сом, ГАЗ – 53 - 150 (жүз элүү) сом акчалай төлөм алынсын.
3. Айыл аймагындагы карьерден тышкары жерлерден кум, шагыл, топурак алынса 5000 ( беш миң) сом айып пул салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Бейшебаев |