БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-октябры № 8
Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15 - июль айындагы № 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 - беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 - мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып Боо-Терек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын "Күмүштак" өзөнүнө чакан ГЭС куруу үчүн жалпысы 7935,0 м 2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянты " Суу фондусу жер категориясынан" " өнөр жай жана транспорт категориясына" которуу жагы Бакай-Ата райондук администрациясынан суралсын.
Төрага | Э. Бейшебаев |