Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 71/XXIV-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы- экономикалык бөлүмүнүн башчысынын “ Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018 – жылынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө маалыматын угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайыңды шаарынын бюджетинен - 1045,4 миң сом акча каражаттарынын төмөнкү иш – чараларды каржылоого бөлүнүшүнө макулдук берилсин:
- Кайыңды шаарынын көчөлөрүнө видео байкоо камераларын орноштурууга.
- боз үй алууга
- Кайыңды шаарынын ички көчөлөрүнө суу өткөрүүчү түтүктөрүн орноштурууга
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |