ТоктомКүчүндө

Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 64 «Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасына Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектик изилдөө иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакция01.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы

 

2018-жылдын 1-февралы № 64

Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасына Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектик изилдөө иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-бересинин 4 тайпасынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Жантак массивине Исфайрам дарыясынан суу тартуу боюнча проектик изилдөө иштерине шаардын бюджетинен Кадамжай шаарындагы өздөштүрүлө турган жерлердин өлчөмүн эске алуу менен акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Абдраимов