Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 66
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 18 беренесинин 4 тайпасынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2018-жылдын 1-январына негизги каражаттан 3508,9 миң сом, атайын каражаттан 1050,5 миң сом, жалпысынан 4559,4 миң сом калдык болгон акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Бюджеттик каражаттын эсебинен:
· 22311200 Электро энергияга – 106,8 миң сом;
· 31111290 Башка турак үй имараттарын жана жайларын алуу жана куруу – 400,0 миң сом (кыргыз үй сатып алууга );
· 31113390 Башка курулмалардын капиталдык ремонтуна – 977,9 миң сом;
· 31121230 Жүк ташуучу машиналарды алууга (мусуровоз сатып алуу) – 1500,0 миң сом;
· 31122190 Жүк ташуучу машиналарды алууга (погрузщик), жайыт комитети менен биргеликте – 524,2 миң сом.
Атайын каражаттын эсебинен:
· 22181100 Тамак-аш азыктарын алууга – 297,3 миң сом
· 31113390 Башка курулмаларды курууга. (Кара-Жантак участкасындагы суу түтүктөрүнө , электр линияларга, жолдорго ) –753,2 мин сом.
2. 31113390 статьясындагы акча каражаттары Кара-Жантак участкасынан жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесин алган жарандардын макулдугу менен иштетилсин.
3. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |