Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 73
Кадамжай шаардык кеңеши Пүлгөн айылынын тургундарынын кайрылуусун, “Ата Журт” мекенчил саясий партиясынын депутаттык фракциясынын жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пүлгөн айылынын жашоочуларынын, “Ата-Журт” депутаттык фракциясынын жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын мамлекеттик жана коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин баатыры, экономика илимдеринин кандидаты Азиз Токтобаевдин ысмын Кадамжай кыргыз лицейине ыйгаруу жөнүндөгү сунуштары жактырылсын.
2. Кадамжай кыргыз лицейине Социалисттик Эмгектин баатыры, экономика илимдеринин кандидаты Азиз Токтобаевдин ысмы ыйгарылсын.
3. Кадамжай кыргыз лицейинин атын өзгөртүп, ал мектепке Кыргыз Республикасынын коомдук ишмери, Социалисттик Эмгектин баатыры Азиз Токтобаевдин ысымын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин Регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |