Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 76
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик депуртаментинин 2018-жылдын 30-июлундагы 419 сандуу катыны жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Звездная № 11 үйүнүн түндүк тарабындагы 0,04 га жер аянтын райондук прокуратуранын кызматкерлерине кызматтык турак үй курууга ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Звездная № 11 үйүнүн күн батыш жагындагы канализациянын түтүктөрүн реконструкциялоо жагы прокуратуранын үй куруу боюнча башкы планына киргизилсин.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |