Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 77
Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай сууканал” өзүн өзү каржылоочу жана субсидиялык муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 10-июлундагы 398 сандуу кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап шаарда таза сууну үнөмдүү пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы коммерциялык мекеме-ишканаларга 105 даана суу эсептегичтерин сатып алып, орнотуу үчүн 105 000 (бир жүз беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылысын.
2. Суу эсептегичтердин сапатын текшерип, мыйзам чегинде аларды орнотуу жагы “Кадамжай сууканал” өзүн өзү каржылоочу жана субсидиялык муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |