Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 78
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 30-июлундагы 419 сандуу катыны жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Пүлгөн” автобекетинин түндүк тарабындагы тоо кыркага жарандардын эс алуу жайын куруу үчүн проектик иш кагаздарын жасоого 100-150 миң (жүз, жүз элүү миң) сомдун тегерегинде акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылсын.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |