Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 79
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 01-18/41 буйругуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү типтүү Жобо жөнүндө жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндөгү типтүү Жобо колдоонуга алынсын.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |