Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 80
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай өндүрүштүк пайдалануу коммуналдык турак жай ишканасы экиге бөлүнгөндүгүнө байланыштуу (“Кадамжай сууканал” жана “Кадамжай Тазалык”) “Кадамжай сууканал” өзүн өзү каржылоочу жана субсидиялык муниципалдык ишканасынын Жобосу бекитилсин.
2. “Кадамжай сууканал” өзүн өзү каржылоочу жана субсидиялык муниципалдык ишканасы каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы “Кадамжай сууканал” өзүн өзү каржылоочу жана субсидиялык муниципалдык ишканасынын башчысы М.Жалиловко тапшырылсын.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |