Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 81
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 15-беренесинин негизинде, Кадамжай шаардык мэриясынын 2018-жылдын 12-июлундагы 1-285 сандуу катыны, муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 6-августундагы 430 номериндеги жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Теремок” балдар бакчасыны кайрадан жандандыруу максатында жеке жактарга аукцион аркылуу ижаралык шартта көп жылдык мөөнөт менен берүүгө уруксат берилсин.
2. Шаардык мэрия тарабынан Жобо, ижара шарттары жана келишим иштелип чыгып кеңешке бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |