Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 82
Таш-Кыя айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында шаардын борборунда жайгашкан 500 м3 резервуарынан ф-100 мм суу түтүктөрүн тартып, 300 м3 резервуарын куруу иштери “Гуд Нейборс Интернешил” компаниясынын грантынын жардамы менен жүргүзүлөт. “Гуд Нейборс Интернешил” компаниясынын салымы 2 734 000 (эки миллион жети жүз отуз төрт миң) сомду түзөт.
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин фракция лидерлеринин сунушун жана жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдынын 18-беренесинин 4-тайпасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын өздүк салымы 3 851 958 (үч миллион сегиз жүз элүү бир миң тогуз жүз элүү сегиз) сомду шаардын бюджетинен ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Кадамжай шаарынын Гагарин көчөсүндө жашаган тургундарын суугат суу менен камсыздоо үчүн мэрия “Кадамжай сууканал” ишканасы менен биргеликте проект түзүү жагы тапшырылсын.
3. Бүзейнеп булагынан шаарга келүүчү таза суу түтүгүнүн “Азирети Али” сыйынуучу жайынан баштап КСК ААКнун заводуна кеткен суу түтүктөрү кесилип, “Ала Тоо” кафесинин арт жагынан 325 диаметриндеги түтүктө сууну улап өткөрүү боюнча сметасы түзүлүп, кеңешке киргизилсин.
4. Кадамжай шаарында таза сууну үнөмдүү иштетүү боюнча иш чаралар бир айлык мөөнөттө түзүлүп, кеңештин кароосуна киргизилсин.
5. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |