Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 83
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2018-жылдын 9-августундагы 1-310 сандуу катын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин тейлөөчү атайын техника ( 3 м 3 жүк жүктөгүч трактор) алуу үчүн түзүлгөн келишимде көрсөтүлбөй калган 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |