Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 85
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылууларын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесине Аңкур-Сай участкасына курулуп жаткан кыркымкана жана пышуукананын курулушу үчүн 70 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | У. Шамшиев |