Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 86
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн курулуш иштерине 8 000 000 сом (сегиз миллион сом) акча каражаты ажыратылганын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук сотунун жанына жаңы имарат куруу үчүн № 4 балдар бакчасына таандык муниципалдык жерден 100 (жүз) м2 жер аянтын Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамына жана башка мыйзамдарга каршы келбесе Кадамжай райондук сотуна өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук сотуна проект боюнча иш жүргүзүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаардык мэриясына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |