Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 87
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, шаардык мэрия тарабынан шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан иштелип чыккан шаардын башкы планын божомолдуу сметасына ылайык 5,0 млн сом шаардын бюджетине келип түшкөндүгүн белгилеп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн 5,0 млн сом акча каражатын аппараттын статьясына которууга, ДМСтин 3111 статьясынан 1 314,0 (бир миллион үч жуз он төрт миң) сом ажыратууга, жалпысынан 6 314,0 (алты миллион үч жуз төрт миң) сом акча каражатын шаардын башкы планын түзүү үчүн жумшоого уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |