Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 40
"Макмалалтын" филиалынын директору А.Абазовдун жана «Өнөр жай. курулуш.транспорт,байланыш. экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Базаркуловдун маалыматын утуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски калдыктарды сактоочу жайды жана дамбаны курууда магериалдарды (шагыл, топурак) алган жерлерди рекултивация жасоо иштерине тиешелүү адистерди милдеттендирүү менен иш алый баруу жана ушул күнгө чейин иш алый барбаган тиешелүу адистерге чара көрүү жагы "Кыргызалтын" ААКнун жетекчилигинен суралсын.
2. "Макмалалтын" филиалынын 2017-жыл ичиндеги аткарылган иштери жонүндө "Макмалалтын" филиалынын директорунун маалыматын угуу менен укуктук баа берин, териштирүү үчүн Эсептөө Палатасына, Генпрокуратура, ГКНБ, Финполицияга жана башка тиешелүү жактарга берүү жагы суралсын.
3. "Макмалалтын" филиалынын 2018-жылдын алты ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө "Макмалалтын" филиалынын директорунун маалыматын угуу менен укуктук баа берип, текшерүү үчүн Эсептөө Палатасына, Генпрокуратура, ГКНБ, Финполицияга жана башка тиешелүү жактарга берүү жагы суралсын.
4. "Макмалалтын" филиалынын директорунун 2018-жылдын 8-март күнү болгон о куя тууралуу маалыматын угуу менен кайрадан башынан тыкыр иликтеп, укуктук баа берип, текшерүү үчун Эсептоо Палатасына, Генпрокуратура, ГКНБ, Финполицияга жана башка тиешелүу жактарга берүү жагы суралсын.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Өнөр жай, курулуш,транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясьт» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Базаркуловго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |