Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 41
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2018-жылдын алты ай нчинде бюджеттин киреше-чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И. Даткаевдин билдирүүсүн угун жана талкуулап. Каргалык айылдык кенешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 -пунктуна ылайык.
Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2018-жылдын алты ай ичиндеги бюджеттин киреше-чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2 Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин киреше бөлүгү план боюнча 15191,5 сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кыскартылып, такталган план 12691,6 сом болуп. 13450,7 сомго. же болбосо 106.0 пайызга, башкача айтканда 759,1 сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 13620,9 сомго белгиленип, кассалык чыгым 12765,6 сом. башкача айтканда 93,7 пайыз болгондугу жана жылдын жыйынтыгы менен 100 пайызга толук аткаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетиндеги коомчулуктан келип түшкөн кайрылуулардын айрым аткарылбай калган пупкттарын мүмкүнчүлүккө жараша жылдын аягына чейин аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардын мыйзамдын талабына ылайык айыл окмөтүнун киреше тармагьша түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүртүп туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктолсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |