Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 42
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2018-жылдын алты айында айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзгөн иши тууралуу жарым жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековдун 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык дел табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сырт жактан инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго жүктөлсүн.
3. Казарман айылынын И.Кадыркулов атындагы көчөсүнүн жолду бодурлоодогу заказчик Кененбек уулу Гүлжигиттин кетирген кемчиликтерин көзөмөлдөп. өткөрүп алуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Подрядчик мамлекеттик сатып алуулардан утуп алган жумушун талапка ылайык толук кандуу өткөрүп бергенче, башка мамлекеттик сатып алуу конкурсуна (тендерге) катышууга жол бербоо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Макмал алтын кен комбинатынын карьерге болгон уруксатьша Каргалык айыл өкмөтүнө тиешелүү каръерлерди кошуп уруксат алуу тууралуу иш алып баруу жагы М. Акматбековго милдеттендирилсип.
6. "Таза кызмат", "МТС" муниципалдык ишканаларынын карамагында турган мүлктөргө Уставга ылайык иш алып баруу жагы "Таза кызмат", "МТС муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнун башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И. Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |