Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 44
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 03.08.2018-жылдагы № 580 каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдируүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Булак айылынын клуб тармагына караштуу III кварталга каралган 2111 беренеден эмгек акы үчүн 15,2 миң сом, 2121 беренеден социалдык фондго чегерүүгө 2,7 миң сом, жалпы 17,9 миң сом акча каражаты Чет-Булак айылына караштуу китепкана тармагына 2111 эмгек акы төлөө беренесинен 15,2 мин сом акча каражаты, 2121 социалдык төлөм беренесине 2,7 миң сом, жалпы 17,9 миң сом жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е. Кашкариевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |