Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 46
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 17.07. 2018-жылдагы отурумунун № 1 протоколунда каралган маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛAТ:
1. № 8 М. Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен түшкөн кайрылууга ылайык башкаруу тармагына караштуу 3111 беренесинен мектеп тармагынын 3111 курулуш беренесине 25,0 миң сом, ал эми 2221 беренесине электр жабдууларын алмаштыруу үчүн 30,0 миң сом акча каражаты, жалпы 55,0 миң сом жылдырып берилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн "Проектилерге өздүк салым которуп берүү боюнча" катына ылайык башкаруу тармагынын 2215 беренесине 580,7 миң сом акча каражаты 3111 беренесинен жылдырылып берилсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 3111 беренесинен 2212 байланыш беренесине ылдам интернетти тартуу учун 109,8 мин сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е. Кашкариевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И. Даткаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |