Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 47
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун "'Таза кызмат", "МТС" муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине ээлеген кызматынан кетүүгө макулдук берүү жана жацы кызматка кирип жаткан жетекчилерге макулдук берүү боюнча билдирүүсүн жана "Таза кызмат". "МТС" муниципалдык ишканасында иштеп жаткан М.Өмүрбековдун жана Ж. Мурзакимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII еессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Таза кызмат". "МТС" муниципалдык ишканаларынын директорлору К.Аразовдун жана С.Кеңешовдун өз каалосу менен ээлеген кызматынан кетүү тууралуу жазган арыздары канааттандырылып, ээлеген кызматтарынан бошотууга макулдук берилсин.
2. "Таза кызмат", "МТС" муниципалдык ишканаларынын директорлору М.Өмүрбековду жана Ж.Мурзакимовду кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
3. 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен аткарылган иштери тууралуу маалымат берүү жагы муниципалдык ишканалардын директорлору М.Өмүрбековго жана Ж.Мурзакимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү. жалпыга маалымдоо каражаттары. жаштар. спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |