Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 48
№1 Чет-Булак шайлоо округунан шайланган депутат Кайыпбеков Азизбектин Чет-Булак айылынын элинин эгин чабыкка карата комбайндын абалы боюнча койгон талабын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы Чет-Булак айылынын элинин койгон талабы боюнча "Алдаке" участкасынан келген комбайн 28.08.2018-жылдан кечиктирилбестен эгин чабуу үчүн Чет-Булак айылына жөнөтүлсүн.
2. Каргалык айыл аймагына тиешелуү болгон Чет-Булак участкасындагы эгиндерди тез аранын ичинде малга талатпай оруп-жыйноо жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |