Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 49
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун депутаттар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап. Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын төрагаларына өздөрүнүн комиссияларынын отурумдарына эч себепсиз катышпай келген депутаттарын алып чыгып, "Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясына тапшыруу жагы милдеттеидирилсин.
2. 2018-жылдын башынан бери өтүлүп келген сессияларга жана туруктуу комиссиялардын отурумдарына эч себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин кийинки сессияга жарыя кылуу жагы "Мыйзамдуулук укук депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовго тапшырылсын
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.org.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөп, аткарууга алуу жагы "Мыйзамдуулук укук депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовго милдеттеидирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |