Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 53
Каргалык айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жобосун жана комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн проектилер боюнча иш алып барып жаткан адиси А. Окенованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жети кишиден турган курамы үч жылга бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жобосу бекитилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнун http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы "Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |