Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 54
Казарман айылынын айрым көчөлөрүндөгү өзгөрүлүп коюлуп калган жол белгилери жөнундө шайлоочулардын оозеки кайрылууларьшын негизинде "Өнөр жай, курулущ, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча" туруктуу комиссиясынын торагасы Т.Базаркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап. Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы Б.Ороков атындагы көчө туурасынан жайгашкан кыска көчө болгондуктан. И.Кадыркулов, Т.Кожалиев, Ж. Акимбаев, Бектен, Тайдак, Я. Бердалиев, Г.Жээналиев атындагы көчөлөрү менен кесилишкен жердеги коюлган жол белгилери мурдагы абалында калтырылсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл окмотунун http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткарууну колго алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы райондук МАИ кызматкерлерине, райондук ДЭУ- 18 мекемесинин жетекчиси К.Шергазиевге, Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |