Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 55
Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын, 15-март 2002-жылдагы № 37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү" мыйзамынын 16-беренесин жетекчиликке алып, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айьглдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылында жайгашкан Тогуз-Торо жапа Каргалык айыл аймактарынын жашоочуларын, мекеме-ишканаларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында «Тогуз-Торо Таза-Суу» муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |